• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Милиция дайынсыз жоголгон Иван Литвиновго издөө салат

Коом 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Чүй облусунун Москва районунун ички иштер бөлүмү тарабынан 1997-жылы туулган Литвинов Иван Николаевич изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Иван Литвинов 2021-жылдын 29-июнь күнү Москва районунун Мураке айылында жайгашкан “Манас” социалдык мекемесинен чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 160-165 см, орто дене түзүлүштө, көздөрү жашыл, чачы сары кыска.

Кийими: ак түстөгү футболка, көк түстөгү спорттук шым, көк түстөгү жайкы бут кийим.

Өзгөчө белгилери: психикалык жактан жабыркайт.

“Иван Литвиновдун кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмү (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Москва райондук ИИБнин нөөмөт бөлүмү: (0312) 60-77-27, 03131 5-21-31, 0707 54-21-71, 0550 22-17-17, 0701-15-85-05, 0755-15-85-05. (издөө тобу)", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий