• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бостери айылында көлгө чөгүп кеткен эркек кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Бостери айылында көлгө чөгүп кеткен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаадар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 31-август күнү Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатынын пляжында 1985-жылы туулган С.Д. атту эркек киши көлгө чөгүп кеткен.

Бүгүнкү күнгө чейин куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп келген. Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 7 куткаруучу тартылган.

Сууга чөккөн адамдын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий