• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жети-Өгүздө жол кырсыгынан бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Жети-Өгүз районунда жол кырсыгынан эркек киши каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жети-Өгүз районунда Балыкчы-Боконбаев-Каракол унаа жолунун 200-чакырымында (Шалба айылы) Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун четиндеги бакты сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен 1979-жылы туулган Б.М. аттуу эркек киши каза болгон. Жерине 4 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенче ИИМ кызматкерлери маркумдун жансыз денесин чыгарып алышкан.

Пикир

Оставить комментарий