• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз-казак чек арасына жакын жерде жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын чек арасына жакын жерде Казакстандын аймагында 1-апрелде болжол менен саат 12:14тө очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу коңшу Казакстандын аймагында орун алган: Жамбыл айылынан түштүк-чыгышты карай 28 чакырым, Мерке шаарынан түштүктү карай 30 чакырым, Кара-Балта шаарынан түштүк-чыгышты карай 58 чакырым, Бишкек шаарынан түштүк-батышты карай 118 чакырым.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөө сезилген эмес.

Пикир

Оставить комментарий