• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзгөчө кырдаалдар министри Аскаров табигый кырсыктар боюнча парламентте маалымат берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 06.05.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Баткен облусундагы табигый кырсыктын кесепеттери боюнча парламентте маалымат берди. Анын айтымында, сел жүргөн аймакта 116 турак-жайга суу кирип, 1 турак-жай бузулган. Бир бала бакчанын жер төлөсүнө суу толуп, дагы бир нечесинин короосун каптаган. Сел 61 чакырым жолду, өндүрүш ишканаларын да жабыркаткан, бир чарбалык көпүрө авариялык абалга келген.

Тилсиз жоодон 32 гектар бак-дарак жабыркап, мөндүр уруп салганынын ӨКМ башчысы билдирди.

«Социалдык тармактардагы жарыяланган унаалар агып жаткан видео жалган. Ал видеодогу сел Баткенде болгон эмес. Исфанада болгону беш бодо мал аккан. Алдын-ала элге шашылыш билдирүүлөр, эскертүүлөр берилип, натыйжасында бир топ жерлер сакталып калган», - деди министр.

Маалыматтарга ылайык, учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери ӨКМ тарабынан жүргүзүлүүдө. Калыбына келтирүү боюнча 13 техника иштеп жатат. Селдин кесепетинен таза суу куруу иштен чыгып, учурда элге таза суу көйгөй болуп, маселе боюнча тийиштүү департамент иш алып барып жатканы белгиленди.

Ошондой эле Исфана шаарында жабыркаган турак-жайлар селдин нугу өткөн жерге салынып калганы айтылды. «Учурда Экотехинспекция ал жерлердин берилишинин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн прокуратурага арыз менен кайрылды», - деди министр.

Гидрометтин билдирүүсү боюнча 6-7-8-май күндөрү да Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында катуу нөшөр болуп, сел жүрүү ыктымалдыгын Өзгөчө кырдаалдар министри эскертти.

Пикир

Оставить комментарий