• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 70тен ашык кызматкери коронавирус боюнча окутуудан өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 10-сентябрь күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 70тен ашык кызматкери коронавирус боюнча окутуудан өттү. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коомуникация борборунан билдиришти.

Окутуу республикалык борбордун жугуштуу оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев тарабынан онлайн түрдө өткөрүлгөн.

"Сабак учурунда коронавирустун алдын алуу, дарылоо принциптери, реабилитацилоо жолдору тууралуу айтып бердим. Сабактын катышуучулары өздөрүнүн суроолоруна жооп алышты. Экинчи толкун жана коронавирус менен ооруган адам кайра дагы ооруйбу деген суроолор болду", - дейт ал.

Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору билдиргендей, коронавирус боюнча онлайн окутуулар башка тармактардын кызматкерлери үчүн да өткөрүлүп келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий