Кыргызстанда дагы 521 адамда COVID-19 табылып, жалпы 12 миң 498 учурга жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда 16-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 521 учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын маалыматына ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 12 миң 498 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

-Бишкек ш. – 273
-Чүй облусу - 74
-Ош ш. - 38
-Ош облусу - 16
-Жалал-Абад облусу - 43
-Баткен облусу - 39
-Ысык-Көл облусу - 30
-Талас облусу - 8.

Пикир

Оставить комментарий