• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте коронавирусту 61 медкызматкер жана 12 милиция кызматкери жуктурган

COVID - 19 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Бишкекте коронавирусту 61 медкызматкер жана 12 милиция кызматкери жуктурган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 183 жаран коронавирус жуктурган.

"183 адамдын ичинен 124 адам оорулуулар менен байланышта болгондуктан илдетти жуктурган. Ооруну жуктурган 149 адам Бишкек шаарынын тургуну, 34 адам башка жактан келгендер", - дейт ал.

Суракматов маалымдагандай, 183 адам 393 жаран менен байланышта болгону аныкталган. 393 адамдын ичинен 144 адамдын анализди таза чыккандыктан көзөмөлдөн алынды.

"Азыркы учурда 73 адам айыгып, ооруканадан чыкты. 30-апрелге карата шаар боюнча 11 миң адамдан анализ алынды", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 30-апрелге Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 746га жетти. Алардын ичинен 195и медицина кызматкери. Илдеттен 462 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий