• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзгөчө оор кылмыш жасаган өзбек жараны Баткенден кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Ташкент шаарында өзгөчө оор кылмыштар менен соттолуп, издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Өзбекстандын жараны 2016-жылдан бери Баткен облусунда аты-жөнүн Бекболот Кошоков деп өзгөртүп жашап келген. Ал үй-бүлө курууга да жетишкен.

Кадамжай милициясынын баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана 10-бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышкер Кызыл-Кыя шаарынан кармалды.

Тиешелүү иштерди жүргүзгөндө, кармалган жаран 1983-жылкы Аббосов Сайдуллахон экендиги аныкталды.

Аббосов Сайдуллахон 2010-жылы Өзбекстандын аймагында зордуктоо, адам өлтүрүү жана каракчылык беренелери менен жоопко тартылган. Жазасын өтөп жатып 2016-жылы Кадамжай районунун Исмат-Какыр айылы аркылуу мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп, Кызыл-Кыя шаарында жашырынып жашап жүргөн жеринен кармалган.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринин Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренеси (чек араны мыйзамсыз бузуп өтүү) боюнча каттоого алынып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Чогултулган материалдар УКМКга өткөрүлүп берилди. Азыркы күндө жарандын үстүнөн Кызыл-Кыя жана Кадамжай шаарынын бир нече тургундары тарабынан арыз түшкөн. Анткени, “Бекболот Кошоков ” эл ишенимине кирип, жалпы 300 миң сомго алдап жүргөнү аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий