• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзгөн районунда заманбап төрөт үйүнүн курулушу аяктоодо

Президент 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, Өзгөн райондук аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Белгилесек, аталган төрөт үйү 60 орунга ылайыкталган, 1965-жылы курулган. Пайдаланууга берилген учурдан тартып, имаратка капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн эмес.

Жаңы имарат куруу зарылдыгы тууралуу маселе бир нече ирет көтөрүлгөн, бирок каржылоонун жоктугунан маселе чечилбей келген.

Маселени чечүү үчүн кувейттик «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, 2019-жылдын декабрында төрөт бөлүмүнүн жаңы имаратын салуу башталган.

Азыркы учурда курулуш иштеринин көпчүлүк бөлүгү жыйынтыкталды, 2020-жылдын күзүндө пайдаланууга тапшыруу күтүлүүдө.

Бөлүмдүн жаңы имараты заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылат.

Президент Сооронбай Жээнбеков заманбап талаптар менен жабдылган мындай ооруканалардын болушу - бул баарынан мурда айылдыктардын саламаттыгына кам көрүү экендигин канааттануу менен белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий