• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзгөн районунда жети жашар кыз сууга чөктү

Кырсык 0

Бишкек, 20-июль /Кабар/. Өзгөн районундагы Базар-Арык суусуна жети жашар кыз чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ басма-сөз кызматы билдирди.

Кырсык кечээ, саат 10:00 чамаларында Бабур айылында болгон. Маалымдалгандай ал суунун жээгинде ойноп жатып, кокустан сууга кулап кеткен.

Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, саат 15:05 чамаларында кыздын денесин таап туугандарына беришкен.

Пикир

Оставить комментарий