• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөн районунун Шералы айылынын тургундары таза суу менен камсыз болушат

Коом 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын Шералы айылынын жашоочулары ичүүчү таза суу менен камсыз болушат. Бул тууралуу “Ага Хан” фондунун КРдагы өкүлдөрү билдиришти.

Азыркы учурда Шералы айылында жергиликтүү жашоочуларды сапаттуу таза суу менен камсыз кылуу үчүн 50 метр тереңдиктен суу чыгаруу боюнча иштер башталды, анын жыйынтыгында 50 гө жакын кожолук, андан тышкары мектеп жана мечит жалпы булакка кошулат.

Фонддун маалыматына ылайык, түштүк аймакты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу демилгеси жергиликтүү тургундар менен жолугушууда көтөрүлгөн, анын жүрүшүндө бул көйгөй эң эле маанилүү жана тез арада чечүүнү талап кыла турганы белгиленген.

Кудук казып, суу чыгарууга Дүйнөлүк банк жана Аха Хан фондунун каржылык колдоосу менен «MSDSP KG» (Кыргызстандын тоолу аймагын өнүктүрүүнү колдоо программасы) коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан “БИРГЕ – коомчулуктун демилгесинин колдоосу аркылуу социалдык биримдүүлүк” долбоорунун гранттык программасынын алкагында бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий