• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылындагы жер көчкү 17 метр аралыкка жылды

Аймак 0

Бишкек, 25-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 23-апрель күнү саат 18:45 чамасында Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда Шор-Суу өзөнүнүн сол жээгинде жантайма көлөмү 2,8 млн. м3 (узуну 2000м, туурасы 700м, калыңдыгы 2 метр) жер көчкү жылуу процесси байкалган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Жер көчкүнүн кесепетинен айыл тургундарынын жалпы аянты 84,8га болгон үлүштүк айдоо, ички жайыт жана чөп оруу жерлери жараксыз абалга келген.

Куршаб-Жалпак-Таш унаа жолунун 20-чакырымындагы унаа өтүүчү көпүрөгө, Курбу-Таш айылындагы 23 турак жайга, ошондой эле 80 метр алыстыктагы Шор-Суусун бөгөп калуу коркунучу жаралган.

Жер көчкү 24-апрелден баштап азыркы убакытка чейин 17 метр аралык жылып, №10-жогорку чыңалуудагы электр линиясын алып өтүүчү 6 мамычанын 4 мамысын (столбасын) жана Курбу-Таш айылын таза суу менен камсыздаган 250 метр суу түтүкчөлөрүн жер көчкү басып калды.

Жеринде КР ӨКМ Мониторинг департаментинин бөлүм башчысы жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жүрөт. Райондук РЭТ кызматына тапшырма берилип, коркунучта турган жогорку чыңалуудагы электр мамысынын ток өткөрүүчү зымдары кыркылган. Айыл аймак башчысына кооптуу болгон турак жай ээлерин убактылуу коопсуз жайга көчүрүү иш-чараларын жүргүзүп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий