• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөндө 12 жаштагы кыз зордукталган. Шектүү делип Кара-Суунун тургуну кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Өзгөндө 12 жаштагы кызды зордуктоого шектелип бир киши кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Өзгөн шаарынын 12 жаштагы тургуну М.Р. 2021-жылдын 23-июлунда болжол менен саат 20:30дар чамасында үйүнөн дүкөнгө чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болуп жаткандыгы тууралуу кабар түшкөн.

Аталган факт Өзгөн райондук милициясы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө өспүрүм кыз Өзгөн РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан табылган.

"Аталган жагдай боюнча жаш кыз көрсөтмө берип, ошол эле күнү Өзгөн шаарындагы көп кабатуу үйлөргө жылуулук берүүчү жайдын короосунда жайгашкан даараткананын жанында белгисиз жаран зордуктагандыгын айткан", - деп айтылат маалыматта.

Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында өспүрүм кыз зордукталгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча 2021-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 162-беренесинин ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер") негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан тез арада көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында аталган кылмышка шектүү делип Кара-Суу районунун 39 жаштагы М.А. аттуу тургуну кармалган.

Шектүү Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий