• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Араван районунда уурдалган малдар ээсине кайтарылып берилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.05.21. /Кабар/. Араван районунда уурдалган малдар ээсине кайтарылып берилди. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Араван РИИБне арыз менен Тоо-Моюн айыл аймагынын тургуну Ш. Ж. кайрылып, 2021-жылы 29-апрелден 30-апрелге караган түнү болжол менен 110 миң сомдук эки баш малын белгисиз жарандар уурдап кетишкенин билдирип, чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Бул факт Жазык кодексинин 200-беренесинин 1-бөлүмүндө (Уурдоо) көрсөтүлгөн кылмыш белгиси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган.

2021-жылдын 2-май күнү жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Өзбекстандын Фергана облусунун тургуну 24 жаштагы Д. М. жана Ноокат районуна караштуу Ынтымак айылынын жашоочусу 21 жаштагы Н.Н. кармалган.

Алар Жазык процесстик кодекстин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды тактоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жана сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Уурдалган малдар ээсине кайтарылып берилди.

Пикир

Оставить комментарий