• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөндө демөөрчүлөрдүн жардамы менен курулган жаңы ФАП ачылды

Аймак 0

Ош, 17.09.19 /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунун Салам-Алик айылында 16-сентябрь күнү жаңы заманбап фельдшердик-акушердик пунктун ачылышы болуп өттү.

Анын ачылыш аземине Өзгөн районунун акими Б. Алайчиев, жергиликтүү жетекчилер, “Ас-Сафа” коомдук уюмдун өкүлдөрү жана жергиликтүү жарандар катышкан.

ФАП “Ас-Сафа” коомдук уюмунун демилгеси жана каржылык колдоосу менен курулган.

Аким Алайчиев белгилегендей, аталган коомдук уюм 2 жылдын ичинде жергиликтүү калкты таза суу менен камсыз кылуу, саламаттык сактоо имараттарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жана башка социалдык долбоорлорду ишке ашырган.

Пикир

Оставить комментарий