• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөндө жеке менчик клиникада өрт чыгып, эркек киши II даражадагы күйүк алган

Кырсык 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн аймактык оорукананын аймагында жайгашкан жеке менчик клиниканын жыгач устундуу шифер жабылган 150 чарчы метр чатыры жана 151 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттүн кесепетинен 74 жаштагы эркек киши II даражадагы күйүк алган. Анын абалы канааттандыраарлык.

Ошондой эле клиниканын имаратынан 13 адам эвакуацияланган.

Пикир

Оставить комментарий