• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулар, бийликтен алардын ишин мыйзамдаштырып берүүнү суранышууда

Коом 0


Бишкек, 21-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. Шаар аралык каттамдагы 500дөн ашык жеңил унаанын айдоочулары, бийликтен алардын ишин мыйзамдаштырып берүүнү суранышууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине «Тилеке» биримдигинин директору Жеңишбек Жаманкараев билдирди.

Анын айтымында, мамлекет шаарлар аралык эл ташуу тармагын көзөмөлгө албаса, учурда эч кандай талаптарды аткарбаган айдоочулардын саны өсүп жатат.

“Айрым учурларда айдоочулар уктап эс албастан, кезек күтпөстөн жолго чыгып кетишет. Бул өз кезегинде кырсыктын көбөйүшүнө алып келет. Өлкөдө жол кырсыгы көп катталып жаткан учурда буга мамлекет тарабынан көңүл бурулушу зарыл деп эсептейм. Биз мамлекеттен айдоочуларды атайын түзүлгөн тизме менен багытын аныктап, контролго алуусун суранабыз. Себеби мындан ары иштегенге мүмкүн болбой калды. Биз мыйзамдын жолу менен иштегибиз келет”,-дейт Жеңишбек Жаманкараев.

“Унааны башкарганына бир жарым жыл болбой жатып, өздөрүн чебер сезишип, ар кайсы жерден жүргүнчүлөрдү салып кетишет. Алардын уруксат кагазы жок, эч кандай эрежени сакташпайт. Мындай учурлар көбөйгөн сайын өлкөдө жол кырсыгынын саны өсүп жатат”, -деди ал.

Мындан тышкары ал мыйзамдуу жол менен болгону 500гө чукул айдоочу иш алып бараарын, аларга батыш автовокзалынан орун бөлүнүп берилгенин кошумчалады. “Бирок биз ал жакта туруп каттай албайбыз. Себеби ал жакка турганда башка айдоочулар биздин жүргүнчүлөрдү салып кетишет. Биз аларды атаандаш катары эсептебейбиз, болгону жумушубузду мыйзамдаштырып берсе деп суранабыз. Мамлекетке тиешелүү бардык салыктарды төлөгөнгө даярбыз. Бул маселе боюнча бардык министрликтерге жазуу түрүндө кайрылганбыз”, – деди Жаманкараев.

Ошондой эле, жүргүнчүлөр дагы бул суроону чечип берүүнү суранып жатышканын, тагыраагы жүргүнчүлөр убара болбошу үчүн унаалар кайсы жерден кетип, каякка токтоорун тактап берүүнү талап кылып жатышканын айтты.

Пикир

Оставить комментарий