• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаңы биометрикалык паспортту персоналдаштыруу жабдуулары сатылып алынды – КР МКК

Коом 0

Бишкек, 09.01.18. /Кабар/. Жаңы жалпы жарандык биометрикалык паспортторду персоналдаштыруу боюнча заманбап жабдуулар сатылып алынып, орнотулганын Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Биометрикалык технологияларды киргизүү, мамлекеттик кызматтарды сунуштоо системасын жакшыртуу тапшырмаларын ишке ашыруунун, анын ичинде калкты жаңы муундагы мамлекеттик маанидеги документтер менен камсыздоонун алкагында БУУ ӨП колдоосу менен жаңы жалпы жарандык биометрикалык паспортторду персоналдаштыруу боюнча заманбап жабдуулар сатылып алынды. Мамлекеттик каттоо кызматы быйылкы жылы жаңы жалпы жарандык биометрикалык паспортторго (чет жакка чыгуучу) өтүүнү пландашууда.

Заманбап дүйнөдө күн сайын жасалма документтерди жасаган жаңы тобокелдиктер, алдамчылар пайда болууда. Ошондой эле илим жана техника тармагындагы заманбап жетишкендиктер колдонулууда. Мунун баары коопсуздук деңгээлин жогорулатып, өздүгүн аныктоочу документтерди сактоону дайыма жакшыртып турууга, алдыңкы технологияларды калкка документ берүү системасына аралаштырууга шарт түзөт.

Ошол эле учурда өздүктү аныктоочу документтер даярдалган материалдардын коргоочу элементтерин жогорулатуу, персоналдаштыруу үчүн заманбап жабдууларды пайдалануу зарыл. Мындай чакырыктарга лазердик сүрөттөрдү басып чыгаруу, маалыматтарды программалык камсыздоо жана сактоо, лазердик модуль сыяктуу жаңы жалпы жарандык биометрикалык паспортторду персоналдаштыруу жабдуулары жооп берет. Булар саатына 300 паспортко тексттик жана сапаттуу сүрөт маалыматтарын киргизе алышат. Бул өз кезегинде паспортторду даярдоо процесстерин оптималдаштырат.

Жаңы технологияларды киргизүү жана калкты документтештирүү процесстерин жакшыртуу мындан ары да уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий