• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаа атуу боюнча КР курамасы Казакстанда өтө турган турнирге катышат

Спорт 0


Бишкек, 03.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Жаа атуу боюнча Кыргызстандын курамасы Казакстанда өтө турган эл аралык “Гран-при ЮКО” турнирине катышат. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Турнир 30-марттан 5-апрелге чейин Шымкент шаарында өтөт. Анда Россия, Өзбекстан, Тажикстандан келген спортчулар катышат.

Кыргызстандын атынан башкы машыктыруучу Кылычбек Нурманбетов башында турган 13 спортчу барат.

Турнирге даярдык көрүү жана мыкты жыйынтык көрсөтүү максатында КР курамасы 1-мартта тарта окуу-машыгуулардан өтүшөт.

Кураманын барып келүү каражаты спорттун олимпиада түрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланат, ал үчүн бюджеттен 52 миң сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий