• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаан-чачын катуу жаайт. ӨКМ аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 08.05.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратып, жаан-чачын катуу жаашы мүмкүндүгүн эскертти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 10-майында күндүз жана 11-12-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий