• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте №8 троллейбустук каттам убактылуу токтотулат

Коом 0

Бишкек, 08.05.22. /Кабар/. 8-майда саат 15:00дөн баштап №8 троллейбустук каттам убактылуу токтотулуп, иш 9-майда саат 18:00дө жанданат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошондой эле №2 троллейбустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлөт. Буга чейин №2 троллейбустун каттамы Аламүдүн-Жибек-Жолу-Чүй проспектисинин көчөлөрү аркылуу өтсө, майрам күндөрү Аламүдүн-Чүй көчөлөрү аркылуу өтөт.

Маршруттарды өзгөртүү 9-май Жеңиш күнүн майрамдоого арналган иш-чараларга байланыштуу.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана борбор калаанын жарандарынан жана конокторунан каттамдарды алдын ала тактап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий