• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жайыл районунда 68 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелген киши кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Жайыл районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды, - деп билдирет Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 4-февралында милицияга Бишкек шаарынын Э.Э., аттуу аял тургуну чалып, анын Кара-Балта шаарында жашаган 68 жаштагы апасы Э.Ж., бир нече күндөн бери байланышка чыкпай жатканын билдирген.

Жогорудагы маалыматты текшерүү үчүн көрсөтүлгөн дарекке Жайыл РИИБдүн кызматкерлери чыгышкан. Милиция кызматкерлери барган учурда үйдө ал аял жок болгон, милиция кызматкерлери кошуналардан сураштырып, үйлөрдүн эки жактарын караштырышкан.

Издөө учурунда Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн биринен аял сөөгү арыкта табылып, ал жогорудагы аял экендиги такталган.

Кароо учурунда анын дене жаракаттары аныкталып, киши колдуу болгондугу такталган.

Бул факты Жайыл РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Киши өлтүрүү")
боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Окуя болгон жерди кароо учурунда каза болгон аялдын эки телефону жоголгону такталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 39 жаштагы А.Р., аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий