• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Аламүдүн районунда жол эрежесин сактоо боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Аламүдүн районунун Ленин айылындагы В.И Ленин атындагы орто мектебинде Аламүдүн РИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жана Аламүдүн району боюнча ЖКККБнын кызматкерлери биргеликте жол эрежелерин сактоо боюнча окуучуларга алдын алуу иштерин жүргүзүштү.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, башталгыч класстардын окуучуларына класс жетекчилеринин катышуусунда жол эрежелерин сактоо боюнча лекциялар окулуп, жол белгилери тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.

Мектеп окуучулары жол эрежелерине байланышкан суроолорун узатышып, жоопторун алышты. Ошол эле учурда жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан мектеп ичинде жана коомдук жайларда окуучулар өздөрүн кандай алып жүрүүсү тууралуу лекциялар өткөрүлдү.

Аламүдүн РИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жана ЖКККБнын кызматкерлери жөө өткөөлдөрдөн коопсуз өтүүнү балдарга көрсөтүшүп, жол эрежелерди сактоо жол кырсыктарын алдын алууга салым кошоорун кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий