• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жакын арада Доха шаарында кыргыз-катар бизнес-форуму өтөт – Экономика министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев Доха шаарында Катар мамлекетинин Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Мохаммед Ахмед Туар Аль-Кавари менен жолукту. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө А.Кожошев КРнын экспорттук жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берип, кыргыз айыл чарба азыктарынын баа жагынан жеткиликтүүлүгүн жана жогорку сапатын өзөгөчө белгиледи.

Ушуга байланыштуу тараптар соода-экономикалык чөйрөдө эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү жана Кыргызстан менен Катардын ишкерлер чөйрөсүнүн өз ара аракеттерин активдештирүү маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында жакын арада Доха шаарында соода-экономикалык миссия жана бизнес-форум өткөрүү тууралуу макулдашышты.

Жолугушууга КРнын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Римма Апасова жана КРнын Экономика министрлигинин алдындагы инвестицияны алдыга жылдыруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алымбек Орозбеков катышты.

Пикир

Оставить комментарий