• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жакынкы 2-3 айга антикризистик план бекитилди. Ишкерлерге кандай колдоо болот?

Экономика 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев Кыргызстанда коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу жакынкы 2-3 айга бекитилген антикризистик план тууралуу айтып берди.

"Бул план 30 иш-чараны камтыйт. Биринчиден азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бир нече иш-чаралар каралган. Өзгөчө кырдаалга байланыштуу бир топ ишкердин, бизнестин ишмердиги токтоп турат. Экинчи багыт боюнча, аларга кандай жеңилдиктер болору планга киргизилген: салык, социалдык төлөм, мамлекеттик мүлктү ижарага алган болсо, ал төлөмдөрдү 3 айга чейин узартуу каралган. 3 айдын ичинде өзгөчө абалга байланыштуу бир зыян көрө турган болсо, салык, социалдык төлөмдөрдү төлөй албай калса, алар боюнча 3 айга чейин узартуу ала алышат. Андан тышкары кечигүүлөр болсо ал төлөмдөр боюнча айыппул алынбайт", - деди ал.

Ал белгилегендей, салык жагынан берилүүчү отчеттордун мөөнөттөрү да жылдырылды.

"Бирдиктүү салык декларациясынын мөөнөтү 1 жылга жылдырылды. Жалпы салык отчеттердун мөөнөтү 1-октябрга чейин жылдырылды. Кошумча, мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүлөрүнө мораторий дагы 1 жылга узартылды. Ошентип, 2021-жылдын аягына чейин мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан эч кандай текшерүүлөр болбошу керек. Салык инспекциясынын көчмө текшерүүлөрүнө 2021-жылдын 1-январына чейин чектөө киргизилди", - деди ал.

Ал белгилегендей, бул пландын үчүнчү багытында бизнес тармагына каржылык колдоо көрсөтүү каралган.

"Бул жерде эң негизги 2 багыт бар. Биринчиси, каржылоо булактарын издеп табуу: биринчи кезекте Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунда колдонулбаган каражатты өлкө экономикасына тартуунун жолдорун издеп жатабыз. Ал сумма 200-250 млн долларды түзөт. Экинчи багыт боюнча донорлор менен иш жүргүзүлүүдө. Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкынан 100-150 млн доллар алуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатат. Ал каражаттарды кандай колдонорубуз тууралуу сунуштар даярдалып жатат. Аталган сумманын 50%ы грант катары берилет. Ошондой эле Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий