• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жакынкы беш жылда 24 шаарда жана 248 айылда таза суу курулмалары оңдолот

Коом 0

Бишкек. 23.05.19 /Кабар/. Жакынкы беш жылдын ичинде Кыргызстандын 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмалары реабилитациядан өткөрүлөт, – деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында «Аймактар үчүн Таза суу» форумунда сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчысы баса белгилегендей, таза суу курулмалары жок 369 айылда аларды жаӊыдан куруу пландаштырылды. Бул маселени чечүүдө Эл аралык институттардын колдоосунан тышкары республикалык бюджеттин эсебинен да акча каражаттары каралууда.

Президент белгилегендей, таза суу – элдин ден соолугунун кепили. Жыл сайын ичүүчү суу аркылуу жуга турган ооруларга каршы күрөш өлкөнү жыл сайын 4,8млрд сомдон ашык чыгымга алып келет.

«Аймактарда таза суу маселесин чечпей туруп, туризмди, жалпы эле экономикабызды өнүктүрүү кыйынга турат», – деп билдирди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы кошумчалагандай, 2018-жылы 653 муктаж болгон айылдан 25 айыл республикалык бюджеттин эсебинен жана 17 айыл эл аралык финансы институттардын жардамы аркылуу таза суу менен камсыз болду.

Жээнбеков баса белгилегендей, эгерде 2014 - жылы таза суу маселесин чечүүгө республикалык бюджеттен 25 млн сом акча каражаты ажыратылган болсо, 2018 - жылы таза суу секторуна 250 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Эми бул сумманы дагы көбөйтүп, 500 млн. сомго жеткирүү каралып жатат.

Пикир

Оставить комментарий