• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад: бир нече уурулук жасап, жаш кызды карактаган шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. Жалал-Абаддын милиция кызматкерлери тарабынан бир нече уурулук кылып, жаш кызды карактаган шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 15-ноябрында Жалал-Абад шаарындагы дарыканалардын бирине медициналык маска тагынган 2 азиат тектүү болжол менен 20-25 жаштагы балдар сатуучуну коркутушуп, кассада турган 15 миң сом накталай акчасын алып чыгып кетишкен.

Жалал-Абад шаардык милиция бөлүмүнө 19 жаштагы кыз арыз менен кайрылган.

Аталган факт Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжада шектүү катары Сузак районунун 22 жаштагы М.Ф., аттуу тургунун кармашкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө Жалал-Абад шаарынын аймагында 11-17-ноябрь аралыгында катталган дагы жалпы суммасы 50 миң сомдук 4 уурулук жасагандыгы аныкталган. Ал бул жосундарды өзүнүн шериги Сузак районунун 43 жаштагы М.М., аттуу тургуну менен бирге жасагандыгы боюнча көрсөтмө берген.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө жана ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий