• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад колледжинде “Ишкердиктин негиздери” предмети боюнча ролдук оюндар өттү

Аймак 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинде “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин тренингинин алкагында “Бизнес галерея” аттуу темада иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окутуучулар Н.Тукуева, А.Кочкорова, А.Турдубаева жана Г.Чекиргозова студенттер менен биргеликте оюндарды жана сынактарды өткөрүштү, оюндардын жүрүшүндө студенттерге болочок ишкерлердин ролун ойноо мүмкүнчүлүгү берилди, ал эми окутуучулар инвесторлордун ролун ойношту.

Иш-чара студенттердин “Ишкердиктин негиздери” предмети боюнча билимдерин бышыктоо максатында уюштурулган, ал “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында иштелип чыккан жана республиканын сегиз колледжинде пилот жүргүзүлүп жатат.

Иш-чаранын жүрүшүндө билим алуучулар тажрыйбага ээ болушту жана идеялар менен бөлүшүштү. Инвесторлор өз кезегинде ар бир катышуучу жөнүндө өз пикирин айтып, кеңештерин беришти жана келечектеги кадамдарда ийгилик каалашты.

Пикир

Оставить комментарий