• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад менен Наманган облустарынын ишкерлери 12 келишимге кол койду

Аймак 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад менен Наманган облустарынын ишкерлери 12 келишимге кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Наманган облусунун делегациясынын Жалал-Абадда болгон сапарынын экинчи күнүндө облус башчыларынын жана 100гө жакын ишкерлердин катышуусундагы “Жалал-Абад-Наманган-2021" бизнес-форуму болуп өттү. Анда алгач делегация өкүлдөрү көргөзмө-жарманкеде жергиликтүү өнүрүүчүлөрдүн эмгектери менен таанышты.

Форумдун алкагында Жалал-Абад облусунун инвестицяилык мүмкүнчүлүтөрү боюнча кеңири маалымат берилди.

Тараптардын ишкерлери жалпы 12 келишимге жетишти. Аларда басымдуу намангандык бизнес өкүлдөрүн кызыгуусун жараткан Жалал-Абаддагы туризм, тоодогу балчылык, табигый өндүрүлгөн айыл-чарба азыктары жана ташты кайра иштетүү тармактары болду.

Алдыда облус башчылары тарабынан макулдашылган келишимдер боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлөөрү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий