• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облустук милициясы акыркы үч айдын жыйынтыгын чыгарган кеңешме өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад ОИИБдин шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, ошондой эле ОИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн 3 ай аралыгында аткарган ыкчам кызматтык ишмердүүлүктөрүнүн жыйынтыктары чыгарылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегин жыйынтыктаган жыйындарга Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги жана жер-жерлерде өздүк курам катышты.

Жыйындардын жүрүшүндө ар бир милиция бөлүмүндө аткарылган жумуштар тууралуу баяндамалар жасалды. Ошондой эле жыл ичинде аткарыла турган иш-чаралардын пландары талкууланды.

ОИИБдин жетекчилиги тарабынан жеринде кетирилген кимчиликтери жоюу тапшырмасы коюлуп, элибизге сервистик тейлөө көрсөтүү менен бирге ак дилден кызмат өтөө зарылдыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий