• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облустук милициясынын жетекчилиги эл менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад облустук милициясынын жетекчилиги Жалал-Абад шаарынын жана Ноокен районунун эли менен жолукту. Бул туурауу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында участкалык инспекторлордун жана жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин 2020-жылы аткарган жумуштары тейлеген аймактарында элдин талкуусуна коюлуп жатат.

Бул жолку элдик жыйын Ноокен районунун Достук айыл аймагында болуп өттү. Ага Жалал-Абад ОИИБинин башчысынын милдетин аткаруучу, Нурбек Сыдыков, Ноокен районунун акими Абдрахман Осмонов, Ноокен РИИБдин башчысы Алтынбек Мусаев жана башка тиешелүү кызмат адамдары катышты. Элдик жыйын учурунда милициянын өткөн жылы аткарган жумуштары тууралуу маалыматтар берилип, суроо-жооптор орун алды.

Андан соң Ноокен районунун Момбеков айыл аймагын тейлеген милициянын участкалык инспекторлорунун аткарган жумуштары жергиликтүү тургундардын талкуусуна коюлуп, кызматкерлердин былтыркы жылдагы ишине оң баа берилди.

Мындай элдик жыйын Жалал-Абад шаарынын Курманбек аймактык башкармалыгында да өткөрүлдү. Бул жыйынга Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын сотко чейинки өндүрүш иши боюнча орун басары Алмаз Кудайбердиев, Жалал-Абад ШИИБдин башчысы Эрнист Молдокеев жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мектеп директорлору катышты.

Алгач участкалык инспекторлордун жыл ичинде аткарган жумуштары тууралуу баяндама берилип, кетирилген кемчиликтерди жоюу тапшырмалары коюлду. Ошондой эле шаар аймагында тилемчилик кылгандарды текшерүү зарылдыгы белгиленди. Негизинен жыйындын катышуучулары тарабынан милиция кызматкерлеринин аткарган жумуштары канааттандыраарлык деп бааланып, пандемия учурунда да өз өмүрлөрүн тобекелге салуу менен талыкпастан кызмат өтөшкөндүктөрү айтылды.

Курманбек аймактык башкармалыгында 28 миңден ашуун калк жашайт. Бул аймакты 5 милициянын участкалык инспекторлору жана 2 жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлор тейлешет. Алар 2020-жылы 20 уурулук, 2 автотранспорт каражаттарын айдай качуу жана 7 тоноо фактысынын бетин ачышкан.

Пикир

Оставить комментарий