• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жумгалда селдин алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Жумгал районунун Кызарт айылында сел кесепеттеринин алдын алуу иштери башталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учурда Кызарт сайынын энин кеңейтип, нугун тереңдетип, тазалоо жана жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө. Жеринде 1 экскаватор иш алып барууда.

Ал эми сайдын жээктерин жана көпүрөлөрдү бекемдөө үчүн ӨКМ тарабынан 40 габион торчосу бөлүнгөн. Аткарылган жумуштардын жыйынтыгында 150 турак жай, 3 көпүрө, 1 мечит, 1 мектеп коргоого алынмакчы.

Учурда 300 метр аралыгы тазаланды.

Пикир

Оставить комментарий