• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу". Долбоорунун алкагында 774 фермер каржыланды

Экономика 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Кыргызстанда "Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" долбоорунун алкагында 1,16 млн АКШ долларына 774 фермер каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.

Европа жана Борбордук Азия чөлкөмүнүн айыл чарба жана тамак-аш тармагындагы глобалдык практика департаментинин жетекчиси Фрак Юнгблут, Дүйнөлүк банк тараптан долбоордун менеджери Т.Сайед, Долбоордун тең жетекчиси Т. Кошматова жана Антонио Ротадан турган Дүйнөлүк банкттын миссиясы иш сапары менен Кыргызстанга келип, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарына Долбоордун аткарылышы боюнча иш-чара уюштурулду.

Долбоордун Кыргызстандагы улуттук координатору болгон финансы министринин орун басары Руслан Татиков Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугуп, жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда долбоорду ишке ашыруу, мындан аркы пландар жана ишке ашыруунун азыркы абалы талкууланды.

Бардык аймактарда фермерлер өздөрүнүн жетишкендиктери, айландыруу фондунун алкагында сатылып алынган уйлар көрсөтүлүп, алган билим жана көндүмдөрү тууралуу жыйынтыктары менен бөлүшүштү. Миссиянын алкагында Дүйнөлүк банк жана КР Финансы министрлигинин командалары жогорудагы аталган облусттардын КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жолугушту.

Учурда каржылоонун экинчи агымын түзүү боюнча активдүү иштер жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий