• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жаңы окуу жылына карата Өзгөн районунда 4 мектеп пайдаланууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. 2023-2024-жаңы окуу жылында Өзгөн районунда 4 мектептин курулуш бүтүп, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда курулушу жүрүп жаткан Токтогул айылындагы Шопоков, Алга айылындагы К.Ботобеков, Үч-Капчал айылындагы Оморкулов, Салам-Алик айылынын Примкулов атындагы мектептердин курулушу бүткөрүлөт.

Жакында президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте облус башчысынын тапшырмасы менен аталган мекептердин курулуштары менен таанышты.

Манапов иштердин сапатына өзгөчө басым жасап, курулушту өз мөөнөтүндө бүтүрүү зарылдыгын белгиледи.

"Жаңы мектеп облустун билим берүү инфраструктурасы үчүн чоң мааниге ээ. Мектептердин курулушунун аяктоосу облус үчүн сапаттуу билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана билим берүү сапатын өнүктүрүүгө салым кошот", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий