• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда 75 миңге жакын адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. 2021-жылы 8-августка карата Жалал-Абад облусунда 74 миң 884 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу КР президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Изабеков брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, облуста жалпы 133 убактылуу эмдөө пункту ачылган. «Жаңы окуу жылына карата 16 миң 703 мугалимдин 8 миң 35и, ал эми балдар бакчаларынынын 1 миң 551 тарбиячынын 1 миң 275и эмдөөдөн өттү»,-дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий