• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун башчысы Татарстандагы биринчиликтен олжолуу кайткан спортчуларды сыйлады

Спорт 0

Бишкек, 15.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев 2021-жылдын 5-7-сентябрь күндөрү Татарстандын Мамадыш шаарында өткөрүлгөн спорттун “Алыш” күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинде байгелүү орундарды ээлеген спортчуларды кабыл алып, сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Аталган мелдешке Жалал-Абад облусунан жалпы 12 жаш спортчу катышкан. Алардан төртөө Курманбек уулу Нурданбек 1-орун, Курсантбек кызы Феруза 2-орун, ал эми Байыш Абакулов жана Мустапакул уулу Канзатбектер 3-орунду камсыздашкан.

Ыйгарым укуктуу өкүл спортчуларды жетишкен ийгилиги менен куттуктап, дагы да талыкпай аракеттенүүгө чакырды. Өлкөнү дүйнөгө таанытууда жаш спортчуларды даярдаган машыктыруучу жана алардын ата-энелеринин да эмгеги чоң экенин белгилеп, ыраазычылык билдирди.

Спортчулар Жалал-Абад шаарындагы Исхак Раззаков атындагы олимпиадалык резерв балдар өспүрүмдөр спорт мектебинде машыгып келишет.

Пикир

Оставить комментарий