• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун башчысы жарандардын документтер боюнча көйгөйүн чечүүнү колго алды

Аймак 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад шаарындагы жашоочулар менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы калаадагы Курманбек, Достук, Спутник, Чыңгыз Айтматов жана Тайгараев аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушуп, президенттин тапшырмасынын негизинде жер-жерлерде элдин чечилбей келе жаткан маселелерин укту. Көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн үстүндө мекеме-ишканалардын жетекчилерине тапшырмалар берилди.

Өкүл облустун башка район-шаарларынын жетекчилерине да тез аранын ичинде аймактардагы документи жок турак үйлөрдү жана жарандар тууралуу маалыматтарды тактоо тапшырмалары берилгенин айтты.

Калаадагы жыйындарда жашоочулардын басымдуусу көп жылдардан бери жашап турган турак үйлөрүнүн кызыл китеби жоктугун көтөрүштү. Алардын арасында шаардын аймагында ӨКМ тарабынан авариялык абалда деген корутундусу чыккан Курманбек аймактык башкармалыгындагы 23 үй да бар.

Мындан сырткары, Спутник аймактык башкармалыгынын жашоочулары өндүрүштүк зонага кирген турак үйлөрүн, 2005-жылдан тарта Кыдыржан Батыровдун мүлкүнө таандык жер участкаларын жана көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүүнү суранышты.

Өкүл президенттин тапшырмасына ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагындагы үй-жайынын, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, паспорт жана башка документтерди алууга кыйынчылык жаралган тургундарга көмөк көрсөтүү иштери колго алынганын айтты. Жалал-Абад шаарында жер, үйлөрдүн документтерин тактоо боюнча атайын комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгы менен чечим чыгарыларын билдирди. Иштин жүрүшүндө милдеттүү түрдө мыйзамдуулук сакталуусу керектигин эскертти.

Жыйындар алдыдагы күндөрү башка район-шаарларда да улантылат.

Пикир

Оставить комментарий