• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун кооптуу аймактарында жашагандарга эскертмелер берилди

Аймак 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун кооптуу аймактарында жашаган үй-бүлөлөргө атайын-эскертмелер берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагындагы коркунучтуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо китебинде облустун аймагында калктуу конуштарга, турак үйлөргө, социалдык объектилерге кооптуулук жараткан 491 жер көчкү, 471 сел каптоо, суу ташкыны, жээк эрозиясы, 21 таш кулоо, жердин чөгүүсү жана 37 жер алдындагы суулардын көтөрүлүүсү катталган.

Облустун аймагындагы жогоруда кооптуу деп табылган тилкелерде жалпысынан жыл башында 1286 кожолук жашайт. Мамлекеттен жардам жана жер тилкесин албагандар 344 кожолук, жардам жана жер тилкесин алып, бирок көчпөгөндөр 942 кожолук жашайт.

Жалал-Абад облусунун район-шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан кооптуу деп табылган тилкелерде жашап жаткан турак үй башчыларына коопсуз аймакка көчүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, атайын-эскертмелер берилүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата ӨКМнын кызматкерлери тарабынан айыл өкмөт башчыларына 36 атайын-эскертме берилди жана ошону менен бирге 1005 турак үй башчыларына коопсуз аймакка көчүрүү боюнча атайын-эскертмелер берилип, түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий