• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад: Окуучулар арасында ВИЧ/СПИД боюнча “Дени сак эл – өнүккөн өлкө” сынагы өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 21.11.17 /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын бардык жалпы билим берүүчү мектептеринде шаар мэриясы тарабынан 1-декабрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында “Дени сак эл – өнүккөн өлкө” аталышындагы сынак өтүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гүлина Базаркулова билдирди.

Анын айтымында, азыр бардык мектептерде сынактар кызуу өтүп жатат. Бирок, бул сынак биринчи жолу өтүп жаткан жок, бул жыл сайын өтүүчү иш-чара болуп саналат.

“Бизде жаш муундарга ВИЧ/СПИД илдетинин коркунучу, андан алдын ала сактануу жагы тууралуу кеңири маалымат жеткирүү максатында ушул сынакты жыл сайын өткөрүп келебиз. Ар бир мектепте сынактын шарттары боюнча окуучулар ушул илдет жана андан сактануу жолдору тууралуу маалыматтарды сахналаштырып же башка креативдүү ыкмалар менен көрсөтүүлөрү керек. Азыркы тапта мектептердин көпчүлүгүндө сынактар өттү”, - дейт ал.

Сынактын өтүшүнө атайын түзүлгөн калыстар тобу көз салып, сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар ыйгарылат. Шаар бийликтери 1-орунду камсыз кылган командага 1-даражалуу диплом менен 5 миң сом, 2-орун үчүн 2-даражалуу диплом жана 3 миң сом, 1-орун үчүн 3-даражалуу диплом жана 2 миң сом сыйлык берилет. Дагы үч командага 500 сомдон кызыктыруучу сыйлыктар белгиленген.

Эскерте кетсек, шаар мэриясы тарабынан 1-ноябрь жана 1-декабрь мезгилинде шаар боюнча ВИЧ/СПИД илдетине каршы күрөшүү айлыгы жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий