• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Сууда милициянын коомдук алдын алуу борбору ишке берилди

Аймак 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. Кара-Суу районун Манас айыл аймагында "Манас" коомдук алдын алуу борбору ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Нурбек Жангабылов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурланбек Бурканов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, АКШнын Мамлекеттик департаментинин эл аралык баңгизат аткезчилигине каршы күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча бюросунун программалык менеджери Ийи Микйанг, "Эл аралык толерантуулук үчүн" уюмунун Баткен кеңсесинин директору Роберт Абазбеков жана "Сейферуорлд" уюмунун Борбордук Азия боюнча аймактык менеджери Гулмира Төрөкулова катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө коомдук алдын алуу борборунун ачылышына салым кошкон жергиликтүү жана чет мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнө ИИМдин "Колдоо көрсөткөндүгү үчүн" аталыштагы медалдары жана Ардак грамоталары тапшырылды.

Эске салсак, "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" КР мыйзамы — бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, коомчулуктун, коомдук уюмдардын жана башка мекемелердин күч-аракетин жергиликтүү деңгээлде кылмыштуулуктун алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жүргүзүү үчүн бириктирүү максатын койгон.

Эми бул имаратта милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү, аксакалдар соту, аялдар кеңеши жана жаштар комитети укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш алып барышат.

Пикир

Оставить комментарий