• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто адам сатуунун алдын алуу боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешинин жыйыны болуп өттү.

Жыйын адам сатууга каршы аракеттенүү жана алдын алуу маселелери боюнча координациялык кеңешинин мүчөлөрүнүн потенциалын жогорулатуу максатында өткөрүлүп, ага Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, билим берүү, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын башчылары, ички иштер органдарынын, дин, чек ара, бажы кызматтарынын өкүлдөрү, социалдык коргоо жана коомдук фонддорунун жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Эл аралык коргоого көмөктөшүү борборунун координатору Мирлан Кыдырмышев “Адам сатуунун курмандыктары” аталыштагы баяндама жасап, адам сатуу жана аны мажбурлап иштетүү, кулчулуктун заманбап түрлөрүнө кабылган адамдардын тагдыры жөнүндө айтып берип, бул багытта координациялык кеңеш тарабынан аткарылган жумуштар жана уюштурулган бир топ иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат берди.

Ошондой эле жыйында кулчулукка жана зомбулукка кабылган адамдардын, балдардын укуктары, адамдарды ар тараптуу мажбурлап иштетүү тууралуу айтылып, аларды алдын алуу жана убагында жардам берүү жолдору талкууланды. Бардык катышуучуларга маалыматтык материалдар таратылды.

Пикир

Оставить комментарий