• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Садыр Жапаров менен Франк-Вальтер Штайнмайердин сүйлөшүүлөрү башталды

Президент 0


Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин сүйлөшүүлөрү башталды.

Садыр Жапаров бүгүнкү сүйлөшүүлөр кыргыз-герман кызматташтыгын деталдуу талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк берерине терең ишенерин айтты.

"Германия өзүнүн саясий аброю жана экономикалык потенциалы менен дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстан үчүн үлгү болуп саналат. Бүгүнкү визит кызматташтыктын жаңы барактарын ачат деп ишенем", - деди ал.

Өз кезегинде Штайнмайер Кыргызстанда биринчи жолу эместигин, бирок ар дайым өлкөнүн кереметтүү жаратылышына суктанарын жашырган жок.

Өз ара саламдашуудан соң тараптардын жолугушуусу жабык эшик артында уланды.

Пикир

Оставить комментарий