• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткендин Чоң-Кара айылында ФАП жана бала бакча курула баштады

Аймак 0

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Баткен районунун Чоң-Кара айылында фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) жана бала бакчанын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү.

Капсула салууга облустук администрациянын өкүлдөрү, Баткен районунун акими, айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү тургундар катышты. Социалдык обьектилердин курулушу жеке инвестор тарабынан каржыланат.

Объектилердин курулушу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун аймактарды өнүктүрүү программасынын негизинде жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий