• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаары Кытайдын Бишань району менен кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаары Кытайдын Бишань району менен кызматташат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн Кыргызстан менен Кытайдын бир катар шаарларынын ортосундагы өз ара карым-катнашты күчөтүп, тармактар аралык байланышты жандантуу максатындагы онлайн конференция өттү.

Ага калаа мэринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Руслан Алтышымев катышып, Жалал-Абад шаарынын экономикалык, кайра иштетүү, өнөр жай жана туристтик потенциалы боюнча маалымат берди. Мында ал кызматташуунун алкагында белгиленген тармактарды дагы да өнүктүрүүдөгү мүмкүнчүлүктөр арбын экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн ар тараптуу стратегиялык маанидеги алакаларын бекемдөөдө Кыргызстандын Жалал-Абад, Токмок жана Балыкчы шаарлары тандалып алынган. Ал эми аларга өнөктөш катары Кытайдын Чжуншань, Хуэйчжоу шаарлары жана Бишань району бар.

Пикир

Оставить комментарий