• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарына киргизилген өзгөчө кырдаал тартиби алынды

Аймак 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарына киргизилген өзгөчө кырдаал тартиби алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шарында 2022-жылдын 17-мартынан 18-мартына караган түнү катуу жааган жамгырдан Көк-Арт дарыясынын суусунун дээңгели көтөрүлүп, натыйжада суунун нугу бурулуп, Жалал-Абад шаарынын Живпром участкасында жайгашкан №10 дамбанын табигый сол жээгин жеп, дарыядан суу ашып кетүү коркунучу пайда болгон.

Натыйжада Живпром участкасынын аймагында жайгашкан 569 турак үйгө жана 11 мекеме-ишканаларга кооптуу абал жаралган. Мындан улам шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругу менен Жалал-Абад шаарына 18-марттан тарта өзгөчө кырдаал тартиби киргизилген.

Түзүлгөн өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу максатында Живпром участкасында жайгашкан №10 дамбанын сол жээгин бекемдөө боюнча тиешелүү жумуштар аяктагандыгына байланыштуу шаар мэринин буйругу менен 26-марттан тартып өзгөчө кырдаал тартиби алынды.

Пикир

Оставить комментарий