• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында кароосуз жүргөн 6 баш жылкы кармалды. Мэрия айып салынарын эскертет

Аймак 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-февралда Жалал-Абад шаарынын аймагында кароосуз жүргөн 6 баш жылкы кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, жылкылар Спутник кичирайонундагы муниципалдык унаа базардын четиндеги атайын мал-жандыктар кармалуучу жайга киргизилди.

"Мал-жандыгын кароосуз калтырган жарандарга КР Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 124-беренесинин негизинде жеке жактарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айыппул салынат", - деп айтылат билдирүүдө.

Жалал-Абад мэриясы жарандарды эгер жашаган аймакта кароосуз жүргөн мал-жандыктар байкалса, төмөндөгү номерлерге кабарлап коюуну өтүнөт: 0778-62-02-05

Пикир

Оставить комментарий