• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында Мамлекеттик туу жана Ак калпак күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы белгиленип, Аюб-Тоо тоосундагы флагштокто жаңы тууну салтанаттуу көтөрүү аземи болуп өттү.

Муницмпалитеттен билдиришкендей, иш-чарага резиденттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, күч түзүмдөрү, шаар тургундары, окуу жайлардын студенттери катышты.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы, 5-март - Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен жалпы элди куттуктап, эркиндиктин желеги болгон туубузду коргоо, келечек муунга татыктуу өткөрүп берүү ыйык милдет экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, иш-чаранын алкагында 500дөй адам шаардан флагштокко чейин жөө жүрүш жасашты.

Пикир

Оставить комментарий