• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү

Аймак 0

Бишкек, 14.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 13-мартта массалык ишембилик өттү. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ага мекеме-ишканалардын жамааттары жана жашоочулар катышты.

"Мэр Эрнисбек Ормоков жүрүп жаткан иштер менен таанышып, өзү да калаа тургундары менен чогуу ишембиликке чыкты. Эс алуучу парктар, коомдук жайлар, көп кабаттуу үйлөрдүн, ишканалардын айланасы тазаланды. Бак-дарактар актап-сырдалды", - деп айтылат Жалал-Абад шаардык мэриясынын тараткан билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэринин буйругуна ылайык, массалык ишембилик үч ай бою жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий