• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында тилемчилик кылган 20га жакын жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрда Жалал-Абад шаарында “Селсаяк” аталышындагы рейд жүрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен калаада коомдук коопсуздукту камсыздоо, башпаанексиз жүргөн селсаяктардын өздүгүн аныктоо максатында өткөрүлдү.

Мэриядан белгилешкендей, рейддин алкагында мас абалында жүргөн жарандар, коомдук жайларда жарандар үчүн кооптуулук, ыңгайсыздык жараткан селсаяктар аныкталып, тийиштүү чаралар көрүлдү.

Ошондой эле шаар аймагында тилемчилик кылган 20га жакын лөлү тектүү жаран кармалып, алар Ош шаарынан келгендиги аныкталды. Алар шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан жашаган аймактарына жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий